Алтын шакек тагдыры
Кыргызстандын зергерлери айына 2 тонна алтынды кымбат баалуу буюмдарга айлантууга чамасы бар. Бирок, акыркы жылы болгону 600 килограм гана зергерлердин колунат өткөн. Бул өлкөдө өндүрүлгөн алтындын (18 тонна) 3 гана пайызын түзөт.
Балекет мамлекет
Мамлекеттик башкаруу экономикада болушу керек, болбосо базар экономикасы чачыранды болуп, элге залакасын алып келет деген миф бар. Бирок, дал ушул алтынды кайра өндүрүү сектору бул мифтин ката экендигин түшүндүрүп берет.
КМШ өлкөлөрү бир нече жыл мурун зергер буюмдарын өндүрүүгө 15% акциз салышкан. Кыргызстан, албетте, бул мисалды жолдогон. Бирок, алгачкы учурда эле салыкты көтөрүүнүн залакасы тийди – америкалык эки биргелешкен ишкана жана дагы бир нече ишкерлер жумуштарын токтотушкан. Кай бирлери «кара базарга» жол көздөшкөн.
Коңшулардын кылыгы
КМШнын кай бир өлкөлөрү эстерине келип, акциздик салыкты алып ташташкан. Мисалы, Украинадагы 2003 жылкы реформа салыкты жөнөкөйлөтүүгө жана акцизди алып салууга багытталган. Анын жыйынтыгында, өлкөдөгү зергер буюмдарды өндүрүү 6 тоннадан азыр дээрлик 100 тоннага дейре жетти.
Бирок, Кыргызстан тетирисинче акцизди 25% көтөрүп салган. Анын негизинде көптөгөн ишканалар кара базарга андан дагы тереңдеп кирип (азыр 80%), калганы коңшу өлкөлөргө көчүүгө аргасыз болушкан. 2005 жылдын апрель айында бул акциздик салыкты кайрадан алып салышты. Качкан бизнести кайтара албаса дагы, алтын буюмдарынын баасы дээрлик төмөндөгөн.
Дагы деле бир топ түшүнүксүз салыктар болгондуктан жасалма зергерлик буюмдар көп. Каржы министрлигинин баалуу металлдарды башкаруу бөлүмүнүн маалыматына караганда, текшерүүдөн өткөн 608 сатуучу түйүндөрдүн 469 унда ар бир үчүнчү буюм – жасалма.
Оруссияда акциздик салыкты 2003 жылы алып таштаган. Ал эми бир жылдан кийин сатуудагы салык дагы алынып салынган. Мындай жөнөкөйлөтүү металлдардын бааларынын жогорулашына карабастан, ал жактагы компаниялардын сатуу баасын 10% түшүрүүгө алып келген. Бул сөзсүз түрдө сатып алуучулардын санын көбөйтүп, рыноктун иштөөсүнө алып келген.
Москвалык Зергер Тобунун экспорт боюнча директору Андрей Рудневге шилтене турган болсок, КМШда кызматташкылары келбеген өлкөлөргө Өзбекстан дагы кирет.
«Мисалы Өзбекстанда акциз 140%, НДС 20%. Ушунун айынан продукция 3 эсе жогорулап кетет», - дейт Андрей. Анын айтымында мындай өлкөгө товар ташып келүүнүн маңызы жок.
Ал эми Кыргызстандык зергерлер алтынды сатып алууда дүйнөлүк баадан 33 доллар көбүрөөк төлөшөт.
Асыл Үмүт
Кыргызстанда көптөгөн мамлекеттин жыйынтыксыз аралашуусуна карабай ийгиликтүү жетишкендиктер дагы бар. Маселен, «Алтын» зергер заводу азыркы учурда Кыргызстанда, Казакстанда, Оруссияда жана Бириккен Араб Эмираттарында соода кылат. Казакстан жана Кыргызстандын зергер рыногунун лидерлеринин бири.
Кыргызстандын өзүндө дүйнөдөгү бир жылда өндүрүлчү алтындын запасы бар. Демек, жергиликтүү зергер ишканалардын жана чет элдик ишканалардын Кыргызстанда иштиктүү жумуш алпаруусуна көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Бир гана…
Бир гана, салык маселесин ордуна келтирүү керек.
Азыркы учурда өкмөттүн деңгээлинде 12% НДС салыгын жана сатуудагы 2,5-3,5% салыкты алып салуу демилгеси көтөрүлүүдө. Анын ордуна бирдиктүү салык 4% болмокчу.
Мындай салыкты жөнөкөйлөтүү Кыргызстандагы зергердик рынокту жандантып, баалардын төмөндөөсүнө жана эларалык атаандашуудагы лидерликке алып келүүсү мүмкүн. Ошол эле Өзбекстанда өндүрүлгөн 85 тонна жана Кытайда өндүрүлчү 300 тонна алтындын кайсы бир бөлүгү балким биздин өлкөгө келип, кайра иштетүү секторун алга сүрөөсү дагы күмөн эмес.
Photo: altyngold.ru















Биринчи. Кыргызстан глобалдуу саясый оюнга толук укуктуу катыша аларын билдирди. Бери дегенде биздин акыркы эки чечим глобалдык саясый оюнчулардын Кыргызстанга башкача өңүттөн кароого мажбур кылды. Бул суу-энергетикалык долбоор менен америкалык аскер базасын жабуу чечими. Эки чечим тең Кыргызстанды дүйнөлүк процесстердин тикелей катышуучусунун позициясына чыгарды. Ошого жараша бизге кысым жүрүп, башка өлкөлөрдүн биздин стратегиялык ресурстарга таасири этүү каалоосу күч алууда жана бул үчүн бардык каражаттар, биринчи кезекте Президенттик шайлоо колдонулмакчы.



